Кантта бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата масштабдуу иш чара өттү

796

 

Кант шаарында бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата масштабдуу иш чара өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлады.

Маалыматка ылайык, акция «Кант таза шаар» лозунгу менен өткөн. Ага 300дөн ашуун адам катышкан. Анын ичинде шаары бийлигинин өкүлдөрү, «Кант Тазалык» ишканасынын кызматкерлери, шаар депутаттары, активисттер, окуучулар катышты.

Шаардын мэри Улан Майлибашевдин айтымында иш чаранын негизги максаты шаардыктарды калаадагы тазалыкты сактоого чакыруу.

Бир нече саатта эле жүздөн ашуун мүшөк таштанды чыгарылды. Акцияга катыша албай калгандар үйлөрүнүн тегерегинде тазалап, иш чарага өз салымдарын кошушту.