Талкууга айланган “Гавайи” эс алуу борборунун ээси Абдуллаев Жураттын брондолгон унаасы кайдан жана кантип келген?

1370

 

 

Бүгүн укук коргоо органдары тарабынан “Үмүт и Ко” ЖЧКсынын тең төрагасы Абдуллаев Журат аттуу жаран кармалган.

Анын үйүн тинтүү учурунда бир катар курал-жарак, ок дарылар жана “БМДР-2” унаасы табылган.

Бизге жеткен маалыматтарга ылайык, Абдуллаев Жураттын (шектүү катары кармалган жаран) “БРДМ-2” унаасын Россия Федерациясынан 2017-жылы сатып алган.

2018-жылы «Газ 41 БРДМ-2» КР Автотранспорт каражаттарын жана аба кемелерин каттоо департаментине 1988-жылы чыгарылган «Газ-4106 кар жана сазда жүрүүчү» унаа катары 08 KG 998 CA мамлекеттик номери менен Жураев Ж.Т.нын наамына катталганы маалым болду.

Таң калбай деле калдык, Кыргызстандагы алигархтардын үйүнөн стребительдер деле чыкчудай экен, мынча ок атуучу куралдарды, ок дарыларды эмне кылышат болду экен? Же өзүн өзү коргонууларыбы? Сиздер кандай деп ойлойсуздар?