Сагызды көчөгө таштаба! “Тазалыкчылар” Ала-Тоо аянтын тазалап жатышат

969

“Тазалык” муниципалдык ишканасынын жумушчулары “Ала-Тоо” аянтындагы сагыздарды тазалап жатышат. Бул тууралуу маалымат ишкананын баракчасына жарыяланды.

Ишканадан билдиришкендей буга чейин аянт атайын техника менен жуулуп-тазаланган. Бирок сагыздар кеткен эмес, мындан улам аны колго кырып тазалоого туура келет.