Төрөт учурунда буту сынган ымыркай. Комиссия операция кылган дарыгер шалаакылык кылган эмес деп тапты

2220

Ош шаардык клиникалык ооруканасынын төрөт стационарында 2022-жылдын 28-июнунда келип түшкөн кош бойлууну төрөтүү учурунда баланын буту сынып калганы боюнча комиссиянын чечими.

Комиссия бул окуяны иликте чыгып, төмөнкүдөй маалымат берет. Бейтап 2022-жылдын 28-июнунда кош бойлуулуктун 40/3 жумалыгында келип түшкөн (ложные схватки). 2022-жылдын 2 июлунда кош бойлуунун толгоосу башталгандыктан саат 7.00до төрөт залына которулган. Толгоосу темпи жана күчү жагынан жакшы болгондугуна карабастан жатын моюнчасы ачылбагандыгына байланыштуу саат 18.32 дарыгерлердин консилиуму операция жолу менен төрөтүү чечимин кабыл алат.

Операция мезгилинде баланын башы жамбаш сөөгүнүн 1-мейкиндигине түшүп кеткенине байланыштуу бутунан тартып чыгаруу мезгилинде баланын оң буту сынат. Операция жасаган дарыгер жана ымыркайлар дарыгери менен биргеликте буту сынгандыгын тастыктоо үчүн рентген изилдөөдөн өткөрүп, балдар травматологуна көрсөтүшкөн. Сынган бут дароо гипс менен иммобилизацияланып жардам көрсөтүлгөн.

Ошондой эле кесипкөй травматолог дарыгерлери ымыркайга операция кереги жок экенин белгилеген. Иммобилизациялоо жолу менен кынтыксыз айыктырууга толук мүмкүнчүлүк бар.

Кош бойлуу төрөт бөлүмүнө келгенден баштап улуттук клиникалык протоколдун негизинде туура көзөмөлдөнгөн; Операцияга өз убагында алынган; Операция жасаган дарыгер тарабынан кайдыгерлик жана кенебестик, туура эмес кыймыл-аракет табылган жок.

Дүйнөлүк статистикага таянсак төрөт мезгилиндеги жалпы травматизмдин 20-60%зын сөөктөрдүн сынуусу жана кайрылып калуусу түзөт.

 

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы

Ошто төрөтканадагы шалаакылыкты ачыктаган журналистке коркутуулар болууда