Сулайман-Тоодон боюн таштоого аракет кылган келин кайрадан маалымат жыйын өткөрдү

818

Сулайман-Тоодон боюн таштоого аракет жасаган келин Айгерим Эмилбек кызы АКИpress басылмасына кайрадан маалымат жыйын өткөрүп, азыркы учурда баары жакшы экенин, күйөөсү менен сүйлөшүп, балдарына жолукканын айтты.

-Негизи бул тоодон бой таштоо, маалымат жыйын куруп, жолдошум, кайын журтум жөнүндө айткандарым үй-бүлөмдү сактоого шылтоо болгон. Ушундай кадамга барсам баары ордуна келет деп ойлогом.

Каржы пирамидасына кирип карыз болуп, жолдошума айтпаганым чын. Ал боюнча карыз болгон кишилер үстүмдөн арыз жазып, милиция келгенде билген жолдошум. Анан үйдө чыр чыгып, мен төркүнүмө кеткем. Соңунда ажыраштык. Андан кийин балдарды көрүүмө чек койгон. Кет деп көчөгө чыгарышкан эмес, – дейт А. Эмилбек кызы.

Ошондой эле ал күйөөсүнө эч бир доосу жок экенин билдирди.

Эске салсак, буга чейин Сулайман-Тоодон боюн таштагысы келген келин маалымат жыйын өткөрүп, 9 жыл бою күйөөсүнөн кордук көрүп келгенин айткан. Бирок, Жалал-Абад облустук милициясы аталган жарандан эч кандай арыз, кайрылуу болбогонун билдирген.