Ошто төрөтканадагы шалаакылыкты ачыктаган журналистке коркутуулар болууда

1272

Ынтымак телеканалыныны Кабарлар бөлүмүнүн редактору Мимоза Жаныбек кызынын фейсбук баракчасына ага карата социалдык баракча аркылуу коркутуулар болуп жатканын жазды. Анда “Шаардык төрөт үйүндө иштегендер, фейк аккаунттар менен коркутканыңарды токтоткула! Силердин шалаакы кызматкериңер үчүн мен күнөөлүү эмесмин!” деп жазган.

Буга чейин 4-июлда Ош шаардык төрөт үйүндө дарыгерлер төрөт учурунда ымыркайдын бутун сындырып алышканы тууралуу маалымдалган. Ынтымак телеканалынын журналисттери чагылдыруу үчүн жерине барганда, бул маалыматты төрөт үйүнүн бөлүм башчысы Жаркынай Оморова тастыктап, учурда ымыркайдын буту гипстелинип, дарыгерлер көзөмөлдөп жатканын айткан.

 

 

Жаныбек кызынын айтымында, ага коркутуулар фейсбук баракчасынын жеке куржунуна келген. Ошондой эле журналист төрөт үйүнүн кызматкерлери фейк аккаунт ачып алып, “коркутуп жатат” деп божомолдогонун белгиледи.

“Маалымат эфирге чыккандан кийин жаңы ачылган фейсбук баракчалар аркылуу коркутуулар келди. Жада калса сүрөтү да жок, туулган жылы да жазылган эмес. Ал жерде “Сен кыйын болсоң, колуңдан келсе, биздин төрөт канага келип иштеп бербейсиңби. Сен биздин ишти түшүнбөйсүң, өзүңдү абайлап жүрсөң, эки жагыңды карап бас, тилим бар деп эле сүйлөй бербе” деп жазылган. Кийнкисинде болсо “Сендей журналистердин далайын көргөнбүз, колундан бир нерсе келсе анан чыгарбайсыңбы!?” деп, ар намыска шек келтирген сөздөрдү жазган”, -дейт Жаныбек кызы.

Ошондой эле, Жаныбек кызы окуя боюнча маалымат алуу үчүн милицияга да кайрылганын, Ош ШИИБиден “маалымат Ош ШИИБинин каттоо журналына катталганын, иликтөө иш-чараларын жүргүзүлөрүн айтышты, бирок эне арыз менен кайрыла элек” деп айтканын билдирди.

Мындан сырткары журналист билдирүүлөргө жооп жазбай, аларды кара тизмеге киргизгенин кошумчалады. “Кээде мен деле журналист катары корком, ушинтип жазып жүрүп, бир күн жалгыз жүрсөм өмүрүмө коркунуч келеби деп. Эми кемчиликти айтып, ачыктап койсо эле журналисттерди душман катары кабыл албай, тескерисинче кемчиликтерди жойгонго аракет кылыш керек да. Муну мен коркутуу катары кабыл алдым. Эгерде бул нерсе токтобосо, укук коргоо органдарына кайрылам”, – деди журналист.