“Ошэлектро” ААКында ири коррупциянын бети ачылды

310

 

 

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө “Ошэлектро” ААКнын Баткен филиалынын жооптуу адамдары тарабынан филиалдын кызматкерлерине материалдык сыйлык акыларын тариздөө аркылуу компанияга акча каражаттарын системалуу чыгарып алуу боюнча коррупциялык схема уюштурулгандыгы аныкталды.

2022-жылдын 27-апрелинде “Ошэлектро” ААКнын Баткен филиалынын жооптуу кызмат адамдары, жогорку жетекчилердин көрсөтмөсү боюнча “Ошэлектро” ААКнын Баткен филиалынын 460 кызматкерине жалпы суммасы 4 млн. 146 миң.836 сомдон ашык сыйлык төлөө үчүн документтер таризделген. Мында улам, акча каражаттар “РСК Банк” ААКнын эмгек акы долбоорунун алыш-бериш эсеби аркылуу кызматкерлердин жеке карточкалык эсептерине которулган.

Акча каражаттар которулгандан кийин, ошол эле күнү акча каражаттар накталай алынып, жетекчиликтин көрсөтмөсү боюнча “Ошэлектро”ААКнын Баткен филиалынын жооптуу кызмат адамдарына өткөрүп беришкен.

Бул факт тергөө иш-чараларын өткөрүү үчүн кылмыштардын бирдиктүү реестрин катталган.