УКМК: “Мен ПАТРИОТмун” Аскердик мушташ боюнча эл аралык турнирдин жыйынтыгы чыкты

357

Чолпон-Ата шаарында 1999-2021-жылдардагы Баткен окуясында курман болгондордун жаркын элесине арналган “Мен ПАТРИОТмун” делген ураан алдында аскердик мушташ боюнча өткөрүлгөн эл аралык турнир аягына чыкты.
Турнирге төмөнкүдөй командалар катышкан: КР ИИМ (ИА Академия “ШЕР” Республикалык окуу борбору), КР УКМК (Альфа, 9-кызмат, Чек ара кызматы), КР Коргоо министрлигинин “Скорпион”, Кыргыз Республикасынын Аскердик окуу жайы, КР ЮМ караштуу ЖАК “Омега”, Кыргызстандын облустарынын өкүлдөрү, Бишкек, Балыкчы, Кочкор, Нарын шаарларынын спорт клубдары, ошондой эле Россия Федерациясынын жана Өзбекстан Республикасынын командалары катышышты. Командалардын жалпы саны 19, ал эми катышуучулардын саны176.
Бул турнирдин максаты — спортчулардын спорттук чеберчилигин жогорулатуу; КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы жакшы коңшулук мамилелерди чыңдоо, КР 1-дан кара курун ыйгаруу үчүн аскердик мушташ боюнча нормативдерин аткаруу; аскердик даярдыктын жана инсандын инсандык өнүктүрүүнүн маанилүү каражаты катары дене жана күжүрмөн даярдыкты жайылтуу; эл аралык мамилелерди чыңдоо жана Кыргыз Республикасынын туризмин өнүктүрүү; Кыргыз Республикасында аскердик мушташ багытын жайылтуу.
Ошондой эле республиканын чек арасындагы кырдаалга көңүл буруу, ата-мекен алдындагы милдетин аткарууда курман болгондорду эскерүү жана таазим этүү.
Турнирдин жыйынтыгы боюнча командалык эсепте Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (Альфа, 9-кызмат, ЧК) байгелүү орундарга ээ болду:
1-орун – КР ИИМ “ШЕР” ИА
2-орун – УКМК 9-кызматы
3-орун – КР УКМК Чек ара кызматы