Таласта он жылдык бүтүрүүчүлөр жакыр жашаган айылдашынын үйүн оңдоп-түзөөдөн өткөрүштү

652

 

Талас обулусунун Манас районуна караштуу Арал айылынын Алымкул Үсөнбаев атындагы орто мектепти мындан 10 жыл мурун аяктагандар жакыр жашаган айылдашынын үйүн баштан аяк оңдоп-түзөп беришти.

2012-жылы бүтүрүүчүлөрдүн айтымында, алар өз ара кеңешип, айылдагы аз камсыз үй-бүлөнүн үйүнө оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп, сообуна калууну чечишкен.

Ал эми азыркы тапта үй толук оңдоп-түзөөдөн өтүп, үй-бүлө мүчөлөрүн кубанычка бөлөдү. Даяр үйдүн ачкычы ээсине расмий тапшырылып, салтанатка айыл тургундары жана аксакалдар келип, сооп иш жасаган 10 жылдык бүтүрүүчүлөргө ак батасын беришти.