Германия Кыргызстандын карызын кечет. Бирок…

1095

Германия Кыргызстандын 14 миллион 900 миң евро карызын кечет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев фейсбук баракчасына жазды.

Маалыматка таянсак, карызды кечүү үчүн Германия тарап бир шарт койду. Кыргызстандын кирешеси аз жарандарына ипатекага үй алуусуна 2 жыл ичинде шарт түзүп беришибиз керек.
“Биздин Финансы министрлигибиз Мамлекеттик ипотекалык компанияга ар 8 ай сайын  5 миллион евродон которуп турушу керек. Ипотекалык үйдү Бишкек менен Ош шаарынан башка жакта жашаган бардык жарандар алууга укуктуу”, _ деп жазды Бекешев.