Согушка катышкан. УКМК кылмыш ишин козгогон Украинадагы кыргызстандык тууралуу элчиликтин билдирүүсү

665

 

Элчилик Украинанын аймагында жүргөн бардык Кыргыз Республикасынын жарандары тууралуу кабардар. Жогоруда көрсөтүлгөн К.у.А. аттуу жаран тууралуу дагы толук маалыматыбыз болгон.

Эвакуациялык иш-чаралар башталгандан тартып, Элчилик ага Кыргызстанга бекер кетүүсүнө жардам берүүгө даяр жана аскердик иш-аракеттерге катышпоо керек экендигин бир нече ирет айтып, эскерткен.

Бирок, ал Кыргызстанга кайтуудан баш тарткан. Аталган жаран аймактык күзөт кызматында (территориальная оборона) санитарларга жардам берип жүргөндүгү жөнүндө билинген. Бул тууралуу Кыргызстандын тийиштүү органдарына ошол замат кабар берилген.

Эске салсак, УКМК 14-майда Украинада согушка катышып жаткан кыргызстандык К.у.А аттуу жаранга 256-берененин 1-бөлүгү менен кылмыш иши козголгонун билдирген.