Бишкекте “Самат Садыков” даректүү тасмасынын бет ачары өттү

516

Кыргыз Улуттук тарых музейинин кино залында 4-май күнү “Самат Садыков” даректүү фильминин бет ачары өттү

Бет ачар аземин Улуттук “Кыргызфильм” киностудиясынын директору Акжол Бекболотов ачып, фильмдин жаралыш тарыхына токтолду. Бекболотов алгач фильмдин сценарийи жактырылып, андан кийин кинону тартуу иштери башталганын белгиледи.

Тасма көрүүчүлөргө тартуулангандан кийин, Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева, Лейлек коомунан Карим Исаев, Алыкул Осмонов үй музейинин жетекчиси Памирбек Казыбаев, кино-режиисер Таалай Шаабото Кулмендиев жана Кыргызфильм киностудиясынын көркөм кеңешинин мүчөсү, жазуучу Топчугүл Шайдуллаевалар сөз сүйлөштү.

“Фильм хроникалык-архивдик баалуу маалыматтар аркылуу Баатыр атабыз Самат Садыковдун ченеми чексиз эрдигин чагылдырган бейнесин толук ачып бергени менен өтө таасир калтырды. Лейлектин кичинекей айылынан (Кара-Сай) согушка аттанып, Ыраакы Чыгышка чейин жетип, ал гана эмес, Берлинди алуудагы “чоң казатка” (согушка) да катышып, жеңиш күнүнө саналуу күндөр калганга чейин согуш талаасында болуп, Жеңишке саналуу күн калганда көкүрөгүнө ок тийип, окко учат. Ушул кульминациялык сюжетти жүрөк ыйлап отуруп көрдүм. Бул албетте, менин жеке таасирленүүм, менимче ар бир көрүүчүгө зор таасир калтырарына ишенем”, – деди эл өкүлү Камила Талиева.

Фильмдин сценарийинин автору жана режиссеру Алим Токторовдун айтымында, бул тасма баатыр атабыздын 100 жылдыгына карата 2020-жылы эле жарыкка чыкмак экен.

“Бул фильм Улуу Ата мекендик согушта 1945-жылдын 1-майында кан майданда курман болгондон кийин берилген мамлекеттик эң жогорку наам 15 жылдан кийин ата мекенине билинген Самат Садыковдун 100 жылдыгына карата 2020-жылы бүткөрүү пландалып, бирок өлкөбүздө болгон пандемия жана башка себептер менен эми аяктап, сиздерди назарыңыздарга тартууланып олтурат”, – деди башкы режиссер Токторов.

Тасманы Т.Океев атындагы Улуттук “Кыргызфильм” киностудиясы даярдаган. Тасмада башкы каарман Самат Садыковдун образын актер Нурбек Юлдашев аткаркан. Тасманын хронометражы 50 мүнөт.