Элди бычак менен коркутуп жүргөн жаран кармалды

1425

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери бычак менен элди коркутуп жүргөн жаранды кармашты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

2022-жылдын 26-апрелинде болжол менен саат 20:30 чамасында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ИИБнын нөөмөт бөлүмүнөн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн милиция взводунун №322 экипажына Бишкек шаарынын Киев көчөсүнүн №148 имаратында жайгашкан Бишкек Парк соода борборунда бейтааныш бала кардарларды бычак менен коркутуп жатат деген чакыруу түшкөн.

Чакырууну алар замат Бишкек шаарынын Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн милиция взводунун №322 тобунун экипаж улугу милициянын прапоршиги Ж.Кыдыков, автоматчиги милициянын улук сержанты У.Шакенов жана милиционер айдоочусу милициянын старшинасы Кубанычбек уулу У тарабынан Бишкек шаарынын Т.Ж.Ж.Ж (турукту жашаган жери жок) 1989 жылы туулган Тойчубек уулу Арген кармалган.

Кармалган жаран Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ИИБнын тергөө бөлүмүнө тапшырылган.