Такталбаган маалыматты трибунадан көтөрүп, элди дүрбөтпөгүлө

810

Тышкы иштер министрине талапкер Жээнбек Кулбаев Жогорку Кеңештин жыйынында Түркиядан Тажикстанга “Байрактарды” сатпоону кыргыз тарап суранганын алар болсо бул бизнес дегенин айткан.

Коомчулук бул маалыматтын чын төгүнүн биле албай ызы-чуу түшүп калышты. Түркия менен Тажикстандын аскер башчыларынын жолугушуусу аскер техникасын сатты дегенди түшүндүрбөйт го. Депутат Мирлан Самыйкожо да, министрликке талапкер Кулбаев да эл оозундагы ушакты Жогорку Кеңештин трибунасынан айтканынын өзү уят.

Түркиянын аскер башчысы канчалаган мамлекеттердеги кесиптештери менен жолугушуп жатат, анда ошонун баарына “Байрактарды” берип жаткан болобу?

 

Түркия Тажикстанга “Байрактарды” берди деген такталбаган маалыматты таратып, аны Жогорку Кенеште айтып, кыргыз коомчулугун дүрбөлөңгө салгандан карманышса болмок. Эки аткаминер тең такталбаган, фейк деңгээлиндеги маселе менен, мамлекеттер аралык мамилеге дагы терс таасирин тийгизип коюшу мүмкүндүгүн эске алышы керек болчу. Түркия менен Тажикстандын аскер башчыларынын жолугушуусу – Түркия Тажикстанга “Байрактарды” берди дегенди тушүндүрбөйт го. Түркия аскер башчылары канчалаган мамлекеттердеги кесиптештери менен жолугушуп жатат, анда ошонун баарына “Байрактарды” берип жаткан болобу? Биздин логика боюнча, алар үчүн “Байрактардан” башка тема жок бекен сүйлөшкөнгө?