Кыргызстан Аялдар Конгресси ACTED уюму менен биргеликте аялдарды коргоого арналган иш-чара өткөрөт

619

Кыргызстан Аялдар Конгресси Кыргызстандагы ACTED уюму менен биргеликте Франциянын өнүктүрүү агенттиги тарабынан каржыланган “Аялдарды коргоону камсыздоо үчүн жарандык коомдун потенциалын жогорулатуу” долбоорун ишке ашырууда.

Үстүбүздөгү жылдын 23-апрелинде аталган долбоорду ишке ашырууга арналган атайын иш-чара болот. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Бизнес-долбоордун максаты: потенциалды жогорулатуу жана окутуу, кызматтарды көрсөтүү, аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, гендердик стереотиптер менен күрөшүү боюнча маалымдуулукту жогорулатуу.

Иш-чара  Кыргыз Республикасынын Аялдар Конгресси тарабынан уюштурулуп, ага  аталган Конгресстин Президенти, Профессор Замира Акбагышева, АКТЕД долбоорунун адиси Шарипа Жумабекова , КРдин  Финансы министрлигине караштуу Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн кредит боюнча эксперти Адилет Акматов , КРдин Финансылык Институттар Ассоциациясынын Аткаруучу директору Алишер Акбаралиев,жана  мфк ОКСУСтун Бизнести өнүктүрүү боюнча менеджери Чолпон Мурзакановалар катышмакчы.

“Долбоор үй-бүлөлүк зомбулукка каршы мыйзамдардын аткарылышын жакшыртуу, ар тараптуу колдоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу жана аялдар менен кыздардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү аркылуу Кыргызстанда, Тажикстанда жана Өзбекстанда гендердик зомбулукка кабылуу коркунучу бар аялдарды коргоону жакшыртууга багытталган”,-деп айтылат маалыматта.

Адреси: Бишкек шаары, Абдымомунов көчөсү 197.

Башталышы саат 12:00