Ички аскерлердин майору Мурад Жакишевдин элесине арналган турнир өттү

1421

Майору Мурад Жакишевдин элесине арналган турнир өттү. Бул тууралуу Ички аскерлердин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, бүгүн, 19-февралда Ички аскерлердин аскер кызматчысы майор Мурад Жакишевдин жаркын элесине арналган кичи футбол боюнча турнир өткөн.

Ага Ички аскерлердин Колбашчылыгынын жана Бишкек шаарында жайгашкан аскер бөлүктөрүнүн курама командалары катышты.
Анын ачылыш аземине Ички аскерлеринин колбашчысынын орун басары Марат Нуралиев, Ички аскерлердин аскер кызматчылары, маркум Жакишевдин жакындары жана ардагерлер катышты. Анда Колбашчынын орун басары Нуралиев катышуучуларды турнирдин башталышы менен куттуктап, ден соолук, жемиштүү жеңиш жана ийгилик каалады.

Турнирдин жыйынтыгы менен “Мыкты коргоочу”, “Мыкты дарбазачы”, “Мыкты оюнчу”,“Мыкты чабуулчу” жана “Мыкты гол” номинацияларынын негизинде жогоруда көрсөтүлгөн командалардын арасынан мыкты оюнчулар тандалып алынды.

Командалык оюнда биринчиликти 705 аскер бөлүгүнүн курама командасы багындырса, экинчи орунга 702 аскер бөлүгүнүн жана үчүнчү орунга Ички аскерлердин Колбашчылыгынын курама командалары ээ болушту.

Турнирдин аягында, жеңүүчүлөр диплом, грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.