ӨКМге 500гө жакын киши чалып, свет качан күйөт деп сурады

1382

Электр жарыгы өчкөн учурда КР ӨКМдин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун 112 кызматына Республика боюнча 500гө жакын чалуу болгон.

Маалыматка ылайык, электр жарыгына байланышкан кырсык боюнча чалуу түшкөн жок. Жарандардын чалуулары тек гана электр жарыгы эмне себептен өчкөндүгү жана качан күйө тургандыгы тууралуу болгон.

Учурда 112 кызматы үзгүлтүксүз иштөөдө жана ӨКМдин Куткаруу кызматтары ыкчам түрдө жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдиребиз.