Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары педагогдордун эмгек шарты менен таанышты

1306

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары  Эдил Байсалов Бишкек шаарындагы №3 жалпы билим берүү мектебинин жана №138 мектепке чейинки билим берүү мекемесинин педагогикалык жамааты менен жолугушту.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары педагогикалык жамаатка социалдык тармактын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө Президенттин Жарлыгы тууралуу эскертти.

«Маалым болгондой, быйылкы жылдын артыкчылыктуу милдети катары социалдык тармактын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу болуп саналат. Учурда Министрлер Кабинети жогорулатуу варианттарынын үстүндө иштеп жатат. Мамлекет башчысынын тапшырмасы боюнча кырдаалды жеринде кененирээк билүү үчүн сиздер менен жеке пикир алышалы деп жатабыз. Президент педагогдордун эмгек акысын жогорулатуудан баштап, социалдык тармактагы абалды толугу менен өзгөртүүгө ниеттенүүдө. Сиздердин айлык акыңыздар жумшалган күч-аракетиңиздерге татыктуу болушу тийиш. Биз билим берүү мекемелеринин инфраструктуралык гана маселелерин чечпестен, билим берүү тутумун камсыздоо маселесин да чечүүбүз керек», – деди Эдил Байсалов.

Жыйындын катышуучулары билим берүү тармагындагы актуалдуу көйгөйлөрдү талкуулашты. Мындан тышкары, мектепке чейинки жана жалпы билим берүү мекемелериндеги кадрдык алмашуулар жана андагы жүктөм маселеси көтөрүлдү.