СПОРТ

Жайкы Азия оюндары: Дарья Маслова бул жолу күмүш медалга татыды

Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында жеңил атлетика боюнча мелдеште Кыргызстандык жөө күлүк Дарья Маслова күмүш медаль тагынды.

Анда 5 миң метр аралыкка чуркоодо Маслова марага 15 мүнөт 30,57 секундда келип 2-орунду камсыздады. Ал эми биринчи орунду 15 мүнөт 8,08 секунд көрсөткүчү менен Бахрейндик Калдикан Бефкаду багындырса, үчүнчү орунду дагы бир Бахрейндик Бонти Ребиту ээледи.

Эскерте кетсек, Дарья Маслова буга чейин 10 миң метр аралыкка чуркоодон алтын медаль тагынган.