Кочкор-Атада 50 орундуу төрөткана курулат

612

Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарындагы жалпы дарыгердик практика борборуна жаңы төрөткана курулат. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка таянсак, курулуш Ноокен райондук өнүктүрүү фондунун жана Кочкор-Ата шаарынын жергиликтүү бюджетинин каржылоосу менен ишке ашат. Анын сметалык баасы 53 млн сом болуп, 50 орунга болжолдонууда.

Курулуштун пайдубалына капсула салуу иш чарасына Ноокен районунун акими Таалайбек Ишенбеков, Кочкор-Ата шаарынын мэри Алтынбек Жумаев, саламаттыкты сактоо кызматкерлери жана район аксакалдары катышты.