Ошто депутаттыкка талапкерлердин бири үгүт иштерин жүргүзүүдө (видео)

174

Ошто “Альянс” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер жаран үгүт иштерине расмий уруксат бериле электе үгүт жүргүзүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү “Ынтымак” телеканалында материал жарыяланды.

Аталган партиянын тең төрагасы Жанар Акаев видеосюжетке байланыштуу мындай пикирин билдирди:

“Эч кандай кылмыш жок экен. Добуш сатып алуу тууралуу сөз да болбоптур, аны айтмак да эмес, айлыкка жашаган мектеп мугалими Жибек карындашыбыз. Анын үстүнө азыр бардык талапкерлер жакындарына чалып, кайсы партия менен баратканын, номери кайсы катарда экенин айтып жатышат. Албетте, мага жардам бер, иштеп бер деп айтып жатышат, миң талапкер болсо ошонун баары. Агитатор жалдап, ушунун баарын тушундуруу, эч кандай мыйзам бузууга жатпайт. Жибек, мектеп гимназияда мугалим болсо керек эле, Жогорку Окуу жайда эмес. Адашпасам. Биз күн сайын партиялаштарга эскертип жатабыз, каталарга жол бербей, мыйзамды так сактайлы деп”, – деп жазды Фейсбукта.