Рафаэль Физиев: Эми Кыргызстандын желеги менен чыкпайм, бул өлкөдөн кетем

1286

Мушкер Рафаэль Физиев мындан нары беттештерге Кыргызстандын атынан катышпайт жана үй-бүлөсү менен өлкөдөн көчүп кетүүнү пландоодо. Бул тууралуу спортчу бугун, 13-октябрда “Инстаграм” баракчасы аркылуу кабарлады.
Ал мындай чечимин Кыргызстандын муфтиятынын жана интернеттеги социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларынын кысымы менен түшүндүргөн.
Спортчу пикир келишпестиктин так себебин айткан жок, бирок диний көз карашынан улам болуп жатканын кыйыткан.
«Мен эч качан диний үгүттөөчү болгон эмесмин. Мен “Инстаграмдын” миллиондогон колдонуучулары сыяктуу эле өзүмдүн күнүмдүк жашоомду көрсөтүп турам. Ар бир адамдын жеке пикири болот жана светтик мамлекетте ар бир адам мыйзам чегинде каалаганын кыла алат. Бүгүнкү күндө мен муфтияттын көп жамандоосуна кабылдым. Ошонун айынан мага жана үй-бүлөмө катуу кысым болууда», – деген спортчу.