“Ыйман Нуру” партиясынын съезди өттү

307
9-октябрда “Орион” мейманканасында “Ыйман Нуру” адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясынын кезексиз съезди болуп өттү.
Съездде “Тынчтык”, “Аманат”, “Иш аракет” жана «Элдик Аракет Кыймылы» саясий партиялары биригип, “Ыйман Нуру” адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясын колдоо тууралуу чечим кабыл алышты.
Буга чейин “Ыйман Нуру” партиясынын борбордук штабында тилектеш партиялардын лидерлеринин жолугушуусу болгон. Ага “Ыйман Нуру” партиясынан Нуржигит Кадырбеков, “Тынчтык” партиясынын атынан Чынара Мамажакыпова, “Аманат”партиясынан Канатбек Казматов жана “Иш аракет”партиясынын атынан Айбек Исмаилов катышты. Жолугушууда алдыдагы шайлоого карата негизги максаттар жана тапшырмалар жөнүндө сөз болуп, бирдиктүү иш-аракеттер боюнча макулдашуу жүргүзүлдү. Иш-чарада өлкөнүн саясий-экономикалык жана социалдык көйгөйлөрү талкууланып, “Ыйман Нуру” партиясынын экономикалык платформасына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди.
Ошондой эле “Ыйман Нуру”партиясын Баткен облусунун мурдагы губернатору, коомдук ишмер Султанбай Айжигитов дагы колдоорун билдирди. Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар тараптан Меморандумга кол коюлду.