“Замандаш” шайлоого катышуудан баш тартты

247

Урматтуу партиялаштар, тарапташтар!
“Замандаш” саясий партиясы 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуудан баш тартуу чечимин кабыл алды.
Алдыдагы шайлоо ачык-айкын жана таза өткөрүлөт деп ишенебиз. Шайлоого аттанган саясий партияларга, бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча өзүн-өзү көргөзүп жаткан талапкерлерге ийгилик каалайбыз.
Жаңы парламенттин курамына мамлекет үчүн күйгөн намыскөй патриоттор келет деген ишенимдебиз.
Белгилей кетсек, “Замандаш” саясий партиясы бул жолку парламенттик шайлоого катышпаганы менен, Кыргыз Республикасынын онго жакын шаарынын Жергиликтүү кеңештин шайлоо алдындагы программаларын ишке ашыруу үчүн көптөгөн күч -аракеттерин жумшайт. Партиянын программасында камтылган миграция багыты боюнча буга чейинки жүргүзүлүп келген иштер улантыла бермекчи.
Бизге ишеним көрсөткөн колдоочуларыбызга жана тарапташтарыбызга чын ыкластан ыраазычылык билдиребиз.
Бизди алдыда көптөгөн иштер күтүп турат.
Мекен үчүн бир бололу, Замандаш!