БУУнун башкы катчысы Антонио Гуттерешке Кумтөр иши боюнча “Save Tianshan” тарабынан кабыл алынган резолюцияны калтырдык!

258

Саламатсыздарбы, урматтуу кыргыз элим!

Бугун БУУнун башкы төрагасы Антонио Гуттеришке Кумтөр иши боюнча “Save Tianshan” тарабынан кабыл алынган «РЕЗОЛЮЦИЯны» калтырдык!

Эмне үчүн мындай кадмага бардык?

Анткени, бул күнгө чейин, Центерранын мыйзам бузуулары чети гана болуп олтурат.

3-октябрь күнү Кыргызстандык экологдор Центерранын дагы бир былыгынын бетин ачты. Көрсө алтын өндүргөн компания иштетилген уулу, химиялык реагент, трал, автоунааларды утилизацияга жибербей, жердин алдына көмүп келгени ачыкталды!

20 жылдан ашуун убакытта Центерра кыргыз элинине,жеринин экологиясына зулум мамиле жасаганын эч ким тана албайт.

Мындай адилетсиздик болуп жатканда мен унчукпай, үйдө жылуу – жумшак отура албайм.

Дүйнөлүк коомчулук бул башаламандыкты билиш керек, деп эсептейм!

Бууга жөнөтүлгөн резолюцияга жакын арада жооп алам деп ишенем!

 

Канышай  toЫрысбек кызы