Ысык-Көлдө ашууда калып калган чабандар куткарылды

211

Ысык-Көлдө ашууда калып калган чабандар куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,  7-октябрь күнү 17:15 чамасында Тоң ашуусундагы катуу жааган каардан 4 чабан 500 жылкы жана 400 дөй топозу менен өтө албай калып, Тоң райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө кайрылышкан. Жерине Тоң районунун ӨКБнөн 5 куткаруучу жана жергиликтүү тургундар болуп, чабандарды алып түшүшкөн.