Балбан Мээрим Жуманазарова дүйнө чемпиону болду

182

Кыргызстандык Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын алтын медалын багындырды.
Мээрим Жуманазарова алгач кореялык Минжи Ха менен күрөшүп, жеңишке жетти. Кийин чейрек финалда канадалык Оливия ди Бакко менен беттешип, 7:1 эсебинде жеңип, жарым финалга өттү.
Финалга чыкчу кармашууда кыргызстандык спортчу орусиялык Ханум Велиевага каршы чыкты. Анда акыркы мүнөттөрдө Жуманазарова жеңишти камсыздады.
Алтын үчүн күрөштө япониялык Рин Мияжинин далысын жерге тийгизүү менен таза жеңишти камсыздады.
Белгилей кетсек, ушул күндөрү Осло шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова алтын, Айпери Медет кызы (кыз-келиндер арасында) коло, Эрназар Акматалиев күмүш, ал эми Алибек Осмонов (эркин күрөш) коло медаль багындырды.
Кыргызстандын атынан Дүйнө чемпионатына жалпы 15 балбан барган.