КООМ

Баткенде 3 күндө айдоочулук күбөлүгү жок 47 айдоочунун унаасы айып короосуна киргизилди

Баткен облусунун аймагында жер жерлерде жол транспорт кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында 2018-жылдын 23-авгусунан 26-августка чейин «РОЛДО»аттуу иш чара өткөрүлдү.

Иш чаранын жүрүшүндө жалпысынан 559 адамга протокол түзүлүп, анын ичинен ролдо спиртик ичимдик ичип алып унаа башкаргандыгы үчүн 15 айдоочу аныкталып 47 айдоочу айдоочулук күбөлүгү жана документтери жок убактылуу айып төлөөчү  короолорго киргизилди.