СПОРТ

Жайкы Азия оюндары: Дарья Маслова 5 миң метр аралыктагы жарышка чыгат

Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында Кыргызстандык жөө күлүк Дарья Маслова 5 миң метр аралыктагы жарышка чыгат.

Мелдеш бүгүн 28-августта саат 19:25 те орун алат. Анда жөө күлүк Дарья Маслова 14 спортчу менен күч сынашып, 5 миң метр аралыктагы жарышка чыгып 2- алтын медалын утууга аракет жасайт.

Эскерте кетсек, Дарья Маслова буга чейин 10 миң метр аралыктагы жарышка катышып, алтын байгени багындырган.