СПОРТ

Жайкы Азия оюндары: Ийгилик жараткан спортчуларга акчалай сыйлыктар берилет

Жайкы Азия оюндарында ийгилик жараткан спортчуларга сыйлык берүү боюнча долбоор даярдалып учурда өкмөттүн кароосунда турат. Аталган долбоор бардык министрликтердин макулдугунан өткөн. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдирди.

Анда байгелүү орунду багындырган спортчуларга төмөнкүдөй акчалай сыйлыктар каралган.

1-орунга 1 миллион 250 миң сом;

2-орунга 750 миң сом;

3-орунга 500 миң сом

Ошондой эле ийгилик жараткан спортчулардын машыктыруучуларына дагы акчалай сыйлыктар тапшырылат.

1-орунда ээлеген спортчунун жеке жана башкы машыктыруучулары — 312 миң 500 сом,

2-орунду ээлеген спортчулардын машыктыруучулары — 187 миң 500 сом

3-орунду ээлеген спортчунун машыктыруучуларына 125 миң сом акчалай сыйлыктар тапшырылат.

Андан сырткары мыкты көрсөткүчкө жетишкен спортчулардын стипендиясы дагы жогорулайт.