КООМ

Журналисттин жеңиши: БШК Суракматовго тил сынагын тапшырууну сунуштады

Борбордук шайлоо комиссиясында журналист Канышай Мамыркулованын арызы каралды. Алгач жумушчу топтун отуруму болуп, бирок арыздануучу тарап бул отурумга канааттанбай, жалпы жыйынга алып чыгууну талап кылышты.

Боршайкомдун жалпы жыйынында журналисттин арызы канааттандырылбай тургандыгы айтылды. Анткен менен БШКнын айрым мүчөлөрү Азиз Суракматовго «Кыргызтест» мекемесинен сынактан өтүү сунушталды.

Эске салсак, Бишкек шаарнын мэрлигине шаардык кеңештин КСДП фракциясы сунуштаган жалгыз талапкер Азиз Суракматов 43 добуш менен мэр болуп шайланган.

журналист Канышай Мамыркулова Бишкек аймактык шайлоо комиссиясын, Мамлекеттик тил комиссиясын, Кыргызтест мамлекеттик мекемесин, Кыргыз өкмөтүн Биринчи май райондук сотуна берген. Биринчи май райондук соту арызды райондор аралык сот карай тургандыгын айтып, артка кайтарган. Райондор аралык сот БШК бул маселени карай тургандыгын айткан.

Канышай Мамыркулованын арызын БШК карап жатат

Опубликовано Султанбеком Аманбековым Понедельник, 27 августа 2018 г.

 

Канышай Мамыркулованын Боршайкомдун жыйынынан кийинки сөзү

Опубликовано Султанбеком Аманбековым Понедельник, 27 августа 2018 г.

 

Журналист Канышай Мамыркулованын арызын Боршайком карап жатат.

Опубликовано Султанбеком Аманбековым Понедельник, 27 августа 2018 г.