Ноокен районунун акими окуучуларды “Билим күнү” менен куттуктады

247

Урматтуу мугалимдер жана сүйүктүү окуучулар!

 

Сиздерди жаңы окуу жылыңыздардын башталышы менен чын дилден куттуктайм!

Жыл сайын 1-сентябрь күнү белгиленип келген “Билим күнү” кырдаалга байланыштуу мына бүгүн белгиленип олтурат. Эн эле кубанычтуусу мурдакыдай мектепке келип билим алуу мүмкүнчүлүгү пайда болгону. Билим күнү жөн гана майрам эмес, ал – ийгиликке жетишүү үчүн тынбай эмгектенүү, өмүр бою өзүн-өзү өркүндөтүү үстүндө иш алып баруу зарылдыгын эске салуучу күн. Алдыңыздардагы окууларда “4” жана “5” деген бааларга окуп, өзүңөрдүн каалаган кесибиңердин ээси болуп, улууну сыйлап, кичүүнү ызааттаган, турмуштун оор -кыйынын көтөрө билген, ар кыл кыйынчылыктарга тике караган, эгемен Кыргызстандын татыктуу улан-кыздарынан болуп жетилишиңерге чын жүрөктөн тилектешмин.

“Улут уңгусу – билимдүү жаштарда” демекчи билимдүү жаштар – биздин башкы байлыгыбыз. Кыргызстан – жаш өлкө, анын бакубат келечеги жаштарга таандык. Андыктан ар бириңер татыктуу билим алып, Кыргызстанды заманбап, өнүккөн өлкө кылууга өз салымыңыздарды кошуңуздар. Ар бир жараныбыз Мекенибиз менен сыймыктангыдай кылып, өстүрөлү.

Илим, билимдеги ийгиликтер – бул Кыргызстандын келечеги!

Балалык дооруңар камкордукта, бактылуу өтсүн!

Ноокен райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Т.Ишенбеков