Назира Айтбекованын Алексей Филатовду эскерүүсү

251

Акыркы жолу “Сагынып кеттим. Көптөн бери көрүшө элекпиз “ деп телефон чалды. Жолуктук. Сырдашып олтурдук. Ал менин ийгилигиме кубанчу дайым. Каякта, эмне кылып жүргөнүмдү интернет баракчаларынан көз салып турчу.

Мен анын алгачкы жолу көргөндө абдан таң калгам. Кышында көйнөкчөн, бир шым менен, жука , боору ачык күрмө кийип , жылаң баш жүрө берчү. “Тоңуп каласың”деп эле чебелектеп турчумун. Ал укмуштуудай энергиялуу, каны кайнап , көзү жайнап, жашоону сүйүп караган, ордуна тураталбаган, идеяга бай, шуулдаган жигит болчу.

Акыркы жолу жолукканда башка Алексейди көрдүм. Ындыны өчкөн, кайнаган энергиясы жок, өзүн , жолун жоготуп алып, таппай аткандай көрүндү. Баягыдай шакылдап сөз талашкан жигит жок. Табынан тайып калгандай сезилди. Жашоодо чоң сокку алып, сынып калгандай, алдыга кадам таштабай эле, артты көздөй кетенчиктеп бараткандай болду.

Мен , менин Лехатайымды (ушинтип атачумун аны) тааныбай турдум. Ал менден кичүү болсо да эки кадам алдыда тургандай сезилчү дайым. Мен ага карата түздөнүп, көп нерсени андан үйрөнчүмүн.

Эски күндөрдү , баягы Хит парадды эстегенде көзү жайнай түшөт да, ошол күндөрдү сагынат. Кеткиси келет. Ошондогу атагынын, ошондогу сонун күндөрдүн элесине жылынып, ал күндөр алыстаган сайын үшүп аткандай сезилди. Мен анын көзүнөн өзүнө болгон ишенимин да, келечекке болгон үмүтүн да көргөн жокмун. Бирөө тартып алгандай, баягы устатымдын илебин таппай, таң калдым.

Жашоосунда кандай өзгөрүүлөрү болгонун, жан дүйнөсүнүн жараларын, муңайым көздөрүнүн сырларын айткан жок. Ал эч кимди жашоосуна алчу да, аралаштырчу да эмес. Мен аны абдан жакшы көрдүм. Ичим эзилип, башкалардан коруп, уктап калса үстүн жаап, курсагын ойлоп , инимди кайтаргандай кайтарып турчумун. Канчалык боорума кыскым келди. Кыстырган жок. Дайым тикенегин салып, баарыбызды оолак кармачу. Сырларын, жараларын, муңун өзү менен кошо ала кетти. Жашоосуна, карегине үмүттүн отун жандырып, жан дүйнөсүнө дабаа боло албаганым өкүнүчтүү…

Кош бол, менин сахналаш, эфирлеш бир тууганым, Алексей! Сен мени таптап, сахна талаасына жарышка түшүргөн устатым катары түбөлүк каласың!

Назира Айтбекованын фейсбук баракчасынан алынды.