“Ынтымак” КТРКнын жамааты ишембилик өткөрүштү

374

“Ынтымак” КТРКнын кызматкерлери “Ак-Буура дарыясынын аймагын таштандыдан тазалады. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, бүгүн, 11-сентябрда “Ынтымак” коомдук телерадиокомпаниясынын кызматкерлери өз ыктыяры менен ишембилик өткөрүштү. “Иш-чаранын жүрүшүндө телекомпаниянын кызматкерлери Нурматов көчөсүнөн Навои көчөсүнө чейин Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги акыр-чикирлерди тазалап, шаардын тазалыгына салым кошушту”, – деп айтылат маалыматта.