Нарматова: Эртең Москвага учуп кетем

4232

Улуттар аралык, расалык кастыкты козутууга шектүү катары кармалган Орозайым Нарматова ИИМдин тергөө кызматына сурак берип чыкты.

Ал Фейсбук баракчасына төмөнкүдөй билдирүү жазды:

Урматтуу мекендештер! Мага колдоо көрсөтүп, көңүл айтып, чындык үчүн бир болгонуңуздар үчүн ыраазычылык билдирем! Азыр мени атайын кызматкерлер туугандарымдын үйүнө алып келишти. Буйруса эрте менен Москва шаарына узатып коюшат. Менде баары жакшы! Тергөө иштерин ачыктабоо боюнча кол койдум, түшүндүрүү иштери болду, рахмат баарыңыздарга. Буйруса кененирээк эртең айтамын, Кудайым ыраазы болсун баарыңыздарга! Сиздерди кыжаалатка салганым үчүн кечирим сураймын..