Бишкекте Орозайым Нарматованы колдоо митинги өтүүдө

845

Ички иштер министрлигинин алдында “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү, активист Орозайым Нарматованы колдоо митинги өтүп жатат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда.

Активисттер милиция Ош аэропортунан 10-сентябрдын таңында кармап кеткен. Кийинчерээк, ал ИИМдин тергөө кызматынын тапшырмасы менен кармалганы маалым болду. Активист чет өлкөдө жүргөндө бийликти сындаганы,  расалык, улуттар аралык кастыкты козутканы үчүн кармалганы айтылды.

Буга чейин Ош ШИИБинин алдында да Нарматованы колдоо митинги өткөн. Ал бир тууган агасын акыркы сапарга узатуу зыйнатына келип, акыркы бир айда Оштогу үйүндө жүргөн.

Орозайым Нарматова Россия Федерациясынын аймагында жүрүп, бийликти байма бай сындап келген.

Ал коркунучтуу кылмышкер эмес. Жанар Акаев Орозайым Нарматованы бошотууну талап кылды