Ошто “Ынтымак” телеканалына кысым болууда

499

Ош шаарында ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген “Ынтымак” телеканалына кысым болуп жатат. Бул тууралуу аталган каналдын журналисттери билдиришти.

Маалыматка таянсак, телеканал ижарага алган мекеменин ээси журналисттерди редакцияга киргизбей койгон. Окуя резонанс жараткан соң, алардын мамилеси бир аз өзгөргөн.

Окуяны Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева өз көзөмөлүнө алганын билдирди.

Эске салсак, “Ынтымак” телеканалы коомдук деген статусту алып, мамлекет тарабынан каржыланат.