ТИМдин мурдагы орун басары “Улуттар Биримдиги” партиясынын аткаруу комитетин жетектейт

515

Аскар Бешимов “Улуттар биримдиги” элдик партиясынын аткаруу комитетин жетектеп жана партиянын саясий кеңешине мүчө болуп шайланды. Бешимовдун талапкерлигин жактыруу чечимин партиянын саясий кеңеши бир добуштан кабыл алды. Бул тууралуу  “Улуттар Биримдиги” партиясынан билдиришти.

Белгилей кетсек, тышкы иштер министринин экс-орун басары Аскар Жолчубекович көп жылдык тажрыйбасы бар дипломат, ошондой эле түбөлүк Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи рангындагы наамга ээ.