Ысык-Көлдө бир жумада 39 иштин бети ачылды

816

Ысык-Көл ОИИБдин криминалдык милиция кызматынын маалыматы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бетин ачууда ишти активдештирүү максатында өткөн жумада «Бандит-Каракчы» жана «Чөнтөк ууру» аталышындагы атайын операциялары өткөрүлдү. Анын бирөөсү КР ИИМдин КМКнын демилгеси менен өткөрүлсө, экинчиси облустук милициянын КМКнын сунушу менен турмушка ашырылды.

Аталган иш чаралардын жүрүшүндө, милиция кызматкерлери август айынын 13-20 күндөрүнүн аралыгында бардыгы болуп 39 кылмыштын жана жоруктун бетин ачууга жетишишти. Анын ичинен 28 фактысы мурда катталган кылмыш жана жоруктар болсо, 11 бир жуманын ичинде катталган болуп эсептелинет.

Көрсөтүлгөн мезгилде, 5 тоноонун, 1 автоунааны мыйзамсыз айдап качуунун жана зордуктоонун, 33 уурдоонун бети ачылды. Андан тышкары издөөдө жүргөн 4 жаран кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Ошондой эле, дайынсыз жоголгон 1 адам табылды.