“Ынтымак” каналына чыккан материалдан кийин Ош шаардык мэриясы Ломоносов атындагы мектептин курулушуна көңүл бурду

1264

 

Бүгүн, 20-август күнү Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов шаардагы №3 Ломоносов атындагы мектеп-гимназиясына кошумча салынып жаткан 500 орундуу имартаттын курулушуна барып, аткарылган иштерди жеринен көрүп кайтты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак,  “Бекстрой плюс” компаниясы тендерди утуп алган, 2016-жылдын 4-кварталында курулуш башталган.

“Бүгүн, Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов аталган компаниянын жетекчилиги менен жолугуп толук кандуу иш жүрбөй, курулуш токтоп калгандыгына байланыштуу 15-сентябрга окуучуларды кабыл алуу үчүн курулуш иштерин бүтүрүү талабын коюп, мөөнөт берди. Ал эми айланасын жашылдандыруу, ирээтке келтирүү боюнча октябрга чейин бүтүрүү тапшырмасын да айтты”, – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, аталган мектептин курулушу республикалык бюджеттен каржыланат.

Мындан эки күн мурда  “Ынтымак” каналынын журналисттери тарабынан “Жаңы курулуп жаткан Ломоносов мектебинде Жалил Атамбаевдин кызыкчылыгы барбы?”, – деген аталыштагы сюжет жарыяланган. Анда аталган курулуш бүгүнкү күнгө чейин бүтпөй жатканы айтылган.