Ноокен: Райондогу айылдарга газ киргизүү аракети жүрүүдө

748

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун аймагындагы айылдарга  газ киргизүү аракети жүрүүдө. Бул тууралуу аталган райондун администрациясынан билдиришти.

“Ноокен районунун аймагындагы айылдардагы газ түтүктөрүн тактоо жана айыл тургундарынын көгүлтүр от менен камсыздоо боюнча, “Газпром Кыргызстан” ЖЧКнын өкүлдөрү жана райондук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары Н.Жайнак уулу жана тиешелүү мекеме ишканалардын жетекчилери биргеликте газ өтүүчү түтүктөрдү талкулоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү”, – деп айтылат маалыматта.