Ноокен районунун акими “Апрель баатырларын” сыйлады

738

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ушул жылдын 15-августундагы 103-токтомуна ылайык, “7-апрель – Апрель элдик революциясына 10 жыл” юбилейлик мадалдары чыгарылган.

Аталган юбилейлик медалдарды Ноокен райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Н.Шаршеналиев райондун аймагындагы Апрель элдик революциясынын Баатырларына каалоо-тилектерин айтып тапшырды.