Баткенде чек ара жаңжалында кыйраган үйлөрдүн алтымышы курулуп бүтүп колдонууга берилди

650

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жараксыз абалга келген жүз кырк үйдүн алтымышы бүткөрүлүп, он бешине тургундар киргизилди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүн, 29-июлдагы отурумунда Экономика жана финансы министринин орун басары Данияр Иманалиев депутат Рыскелди Момбековдун суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Министрдин орун басары Иманалиевдин айтуусунда жеңил конструкция менен салынчу Түркиядан келген үйлөр жана аны салган инженерлердин кечигүүсүнөн убакыт созулуп кетти.