Садыр Жапаров эмнеге имараттын ичинде да көз айнегин чечпей жүргөн себеби айтылды

735

Президент Садыр Жапаровдун акыркы убата дайым көз айнекчен жүргөн себеби айтылды.
Мамлекет башчынын басма сөз кызматы “Кактус Медиа” басылмасына билдиргендей Садыр Жапаров жакында эле көзүнө операция жасалган. Буга байланыштуу ал соңку убакта бардык иш-чараларга күндөн коргоочу көз айнек менен катышып жатат.
Ага ылайык, президентке энтропион диагнозу коюлуп, дарыгерлер операция жасашкан.