«Асман» шаары кыргыздын рухун ойгото турган долбоор

875

Ысык-Көлгө «Асман» — келечектеги «экологиялык таза шаар» куруу долбоору пландалып, даярдыктар жүрүп, жумушчу топ иш алып барууда. Эгер кыскача долбоор тууралуу кеп кыла турган болсок, ал шаар өлкөнүн экономикалык жана туристтик борбору болору, анда алдыңкы билим берүү системасын киргизүү, заманбап ден соолукту чыңдоочу жай жана бизнес борборлорун, стадиондорду куруу, жогорку технологиялык парктарды, ошондой эле каржылык-кредиттик мекемелерди ж. б. жайгаштыруу пландалган. Шаардын аянтты 4 миң гектарды ээлеп, 500 миң кишиге ылайыкталат. Курулушу 7-10 жылдын ичинде бүткөрүлөт. Үстүнөн караганда шаар комузду элестетет.
Долбоор жарыяланары менен көп талкууну жаратты. Айрымдар бул шаар курулуп даяр болгондой кыялга балкып, маңдайы жарыла сүйүнсө, кээ бири «балдар үчүн жомок» «Остап Бендердин фантазиясы» аташты.
Чынында ар бир пикирдин жашоого укугу бар, ар бир атуулдун тигил же бул нерсе тууралуу пикирин айтуусуна эч ким чек койбошу керек. Мен дагы аны жомок атап же «чындап курулат, кудай менен кол алышып келиптир» дегим келбейт.
Мен бул долбоордун башка тарабы тууралуу ой-чабыт жүргүзүүнү туура көрдүм, бул шаар курулуп калса элибиздин аң-сезимине кандай таасир этерин.
Табияттан адамдар окшош элебиз, айры буттуу, жумуру баштуу. Бирок адамдан адамды, элден элди анын кулк-мүнөзү, кылган иши, жашоого болгон көз карашы айырмалап турат.
Ким тана алат ушул эле бизге жомок сезилген «Асман» шаары айрым элдер үчүн өтө жөнөкөй иштердин бири, андан он эсе жүз эсе чоң долбоорлорду ишке ашырууга кудуреттери жетет.
Бирок «Асман» шаары ишке ашып калса дүйнө алкагында өтө кичине болгон менен кыргыздын аң-сезимине ири өзгөрүүлөрдү алып келе турган долбоор болмок. Анткени элдин өзүнө болгон ишенимин, жаратмандыкты ойготуп, жөн эле жакыр элден жаратман элге айлануусуна орчундуу себеп болмок.

Канжар Кыргыз