Таалатбек Масадыков Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басары болуп дайындалды

739

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Масадыков Таалатбек Шамудинович Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин Төрагасы болуп саналат.