Иманбек кызы: Орханды коргойм деп Түркияда эптеп оокат кылып жүргөн мекендештердин убалына кала албайм

702

Социалдык тармактагы кызыктуу пикирлерди сунуштоону улантабыз:

Өлүмгө тике кара!
Эптеп эле чыр чыгарып кыргызды таратып жок кылууну максат кылып алган, ар дайым бөлөк элдин пайдасына иштеген Али Тохтакунов, НПО, Улан Үсөйүндү ээрчигендерге коңгуроо!
Эгерде президент Орханды кайра артка кайрып алуудан баш тартчу болсо, мен дагы да элди президенттин чечимин колдоого чакырам. Достон душман көп! Өлкө алсыз! Эми гана жөнгө салынган тышкы саясаттын чалмакейин чалып, кереги жок! Түрктөр менен тирешем деп Түркиядагы мекендештерди Эрдоганга куугунтуктатып убалына калабыз! Элиңдин теңин тентитип жиберсең ушинтип Ак Падышага да, Осмон ханга да көз каранды болосуң (“Элдин уулдарына” наалат, бизди тоноп жеп, чилдей тараткан). Азыр бирдеме деп көрчү? Эмне деп сурайсын? Сенин бизге качып келип, биз корголоп алган чыкынчыңды кармап кетипсиң, кайра бизге бер деппи? Береби? Тирешет. Тышкы саясат ошондой оор болот, талылуу жериңди басат… Мекендештер куулат… Ошондуктан КЫЙГЫЗМЫН, КЫЙГЫЗЫМ деп тим эле сүйлөсөңөр тарыхтан кеп курасыңар го, Манас ата, Курманжан Датка энебизди козгоп…
Анда так эле силерчесинен эсинерге салайын. Кезинде, элинин тынчтыгы үчүн, жалаасы жалган болсо да, Курманжан Датка энебиз уулун керек болсо өлүмгө тике караткан! Эми Орханга да айткыла! Кыргызстандын жарандыгын алып, кыргыз болуу бул оюнчук эмес! Кыргыздын жаранын алып, кыргызга каның жаның сиңишип, кырыз болуу оңой эмес! Кыргыз ушундай элинин тынчтыгын, элинин амандыгын биринчи орунга койгон калк! Мен да айтаар элем: “Мен Кыргызмын деп биздин аңкоолорду чурулдатып, кара башыңыздын камын ойлоп, кыргызды кыргызга кырдырып, ал аз келгенсип Түркияда жүргөн мекендештерибизди азапка салбай, кыргыз экениңиз чын болсо “Элдин тынчтыгы үчүн ӨЛҮМГӨ ТИКЕ КАРАҢЫЗ!” деп.
Мына ушундай, Кыргыз болуу оңой эмес! Өлүмгө тике караңыз!!! … башка эмне дейин?
Ооба, боорум ооруп турат, үй бүлөсүнө, балдарына, жүрөгүм ооруп турат… Бирок, Орханды коргойт элем деп ансыз да төбөлөшкөнү турган элди биротоло тукура албайм! Орханды коргойм деп эптеп оокат кылып, тырбаңдап жүргөн Турциядагы мекендештердин убалына кала албайм… Андыктан акыл калчап, арыдан бери, силер да ШҮК болгула!

Бактыгүл Иманбек кызы