АУЦАнын негизги партнеру Россияда коркунучтуу уюм деп табылды

899

Россияда биринчи жолу бүтүндөй бир университет «керексиз» (коркунучтуу) уюм катары таанылды. Ал окуу жай – American Bard College.
Россиянын Башкы прокуратурасы америкалык Бард Колледж билим берүү уюмунун ишмердүүлүгүн керексиз деп тапты. Бул тууралуу ведомствонун сайтында маалымдалды.
https://meduza.io/news/2021/06/21/genprokuratura-priznala-nezhelatelnoy-organizatsiey-bard-kolledzh-amerikanskiy-universitet-kotoryy-sotrudnichal-s-spbgu
РОССИЯНЫН БАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ: БАРД КОЛЛЕДЖ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУ УЛУТТУК КООПСУЗДУК ҮЧҮН КОРКУНУЧТУУ
Билдирүүдө анын ишмердүүлүгү Россия Федерациясынын конституциялык түзүлүшүнүн жана коопсуздугунун негиздерине коркунуч жаратат деп белгиленген.
Россиянын коммерциялык эмес уюмдарынын координациялык кеңеши Бард колледжин керексиз уюм деп таануу боюнча Башкы прокуратурага кайрылган. Кайрылууда Санкт-Петербургда түзүлгөн Джордж Сорос көзөмөлдөгөн Либералдык искусство университетинин чет элдик бейөкмөт уюмдар менен тыгыз байланышта экени белгиленген.

https://www.bbc.com/russian/news-57560689
БАРД КООЛЕДЖ САНКТ-ПЕТЕРБУРГ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНЕН ЭРКИН ИСКУССТВО ЖАНА ИЛИМДЕР ФАКУЛЬТЕТИН БӨЛҮП КЕТҮҮНҮ КААЛАГАН
Башкы прокуратура Орусиянын Юстиция министрлигинен Бард колледжин «керексиз» уюмдардын тизмесине кошууну сураган кат жиберген. Учурда анын курамында 34 уюм бар.

Эскерте кетсек Бард Колледж Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин Эркин искусство жана илимдер факультетин түзүүгө катышкан. 2021-жылы факультет өз алдынча билим берүү мекемесине айланары белгилүү болгон. Анын бүтүрүүчүлөрү кош дипломдуу болушары, башкача айтканда Эркин искусство жана илимдер университетинин жана Бард Колледждин дипломдорун алаары айтылган.
САНКТ-ПЕТЕРБУРГ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ БАРД КОЛЛЕДЖ МЕНЕН КЫЗМАТТАШТЫГЫН ТОКТОТТУ
Май айында Санкт-Петербург мамлекеттик университети Башкы прокуратурага Бард колледжи менен мындан аркы кызматташтыгына баа берүү өтүнүчү менен кайрылган.

Россиянын Башкы прокуратурасы тарабынан Бард колледж «керексиз» деп табылгандан кийин, Санкт-Петербург мамлекеттик университети өзүнүн сайтынан Бард колледж менен кызматташуу жана Джордж Соростун Эркин искусство факультетин каржылоо жөнүндөгү маалыматты алып салган.
https://meduza.io/news/2021/06/21/genprokuratura-priznala-nezhelatelnoy-organizatsiey-bard-kolledzh-amerikanskiy-universitet-kotoryy-sotrudnichal-s-spbgu
БИШКЕКТЕ ЖАЙГАШКАН БОРБОРДУК АЗИЯДАГЫ АМЕРИКА УНИВЕРСИТЕТИНИН БАРД КОЛЛЕДЖ МЕНЕН БОЛГОН ӨНӨКТӨШТҮГҮ
Борбордук Азиядагы Америка Университетинин расмий сайтында Бард Колледж тууралуу атайын маалымат чыгарылган. Анда 2009-жылы Бард Колледж жана БААУ биргеликте өнөктөштүк программасын түзүшкөнү, ага ылайык 2011-жылдан бери, бакалавриаттын төмөнкү он эки академиялык программасынын студенттери Бард Колледжинин дипломдорун алышары жазылган.
Алар:
– Антропология
– Колдонмо геология
– Колдонмо математика жана информатика
– Экономика
– Европа таануу
– Эл аралык жана салыштырмалуу саясий илимдер
– Журналистика жана массалык коммуникация
– Эрикин искусство жана илимдер
– Психология
– Социология
– Программалык камсыздоону иштеп чыгуу
Телекөрсөтүү, кино жана көркөм сүрөт искусствосу

БААУнун сайтында ошондой эле, «БААУ-Бард өнөктөштүгү биргелешкен илимий долбоорлорду иштеп чыгуу жана эки окуу жайдын окутуучулары, кызматкерлери жана студенттери үчүн билим алмашууну камсыз кылуу үчүн БААУнун окуу планынын гуманитардык компоненттерин кеңейтүүгө багытталган» деп жазылат.
https://www.auca.kg/ru/bard/
Байкасаңыздар Бард Колледжинин Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин базасында ачкан Эркин искусство жана илимдер факультети АУЦАда дагы бар. Бул Борбордук Азиядагы Америка Университетинин Бард Колледжине таандык экени жана башкы өнөктөшүнүн да Бард Колледжи экенинин далили.
БААУнун (АУЦА) ЖАҢЫ ДАЙЫНДАЛГАН ПРЕЗИДЕНТИ ДА БАРД КОЛЛЕДЖИНЕН
Борбордук Азиядагы Америка Университетинин расмий сайтында 16-июн 2021-жылы «Борбордук Азиядагы Америка университетинин убактылуу президенти дайындалды” деген ат менен кабар жарыяланган.
Анда, “Борбордук Азиядагы Америка Университети доктор Джонатан Беккерди БААУнун убактылуу президенти болуп дайындалгандыгын кубануу менен маалымдайт. Ал көп жылдар бою БААУнун жакын досу жана Университеттин Камкорчулар Кеңешинин мүчөсү эле” деп жазылат.

БААУнун сайтында, Джонатан Беккер аткаруучу вице-президент, академиялык маселелер боюнча вице-президент жана Аннандейлдеги Бард Колледждин (Нью-Йорк штаты) Жарандык катышуу борборунун директору жана ошондой эле Ачык коом университеттер түйүнүнүн вице-канцлери болуп эсептелери белгиленет. 2018-2019-окуу жылында Борбор Азиядагы Америкалык университетинин президентинин милдетин убактылуу аркалаган. Ал эми 2019-жылдын сентябрь айында доктор Беккер Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын алууга да үлгүргөн.
https://auca.kg/ru/auca_news/4690/
Демек, бул жерде, Борбордук Азиядагы Америка Университетинин убактылуу президенттигине Бард Колледжинин жооптуу кызматкеринин дайындалышы БААУнун (АУЦА) түздөн-түз Сорос тарабынан көзөмөлдөнгөн Бард Колледжине тиешеси бар экендигин билдирет.
БУЗУКУЛУКТАРДЫН УЮГУНА АЙЛАНГАН БОРБОРДУК АЗИЯДАГЫ АМЕРИКА УНИВЕРСИТЕТИ
Кыргыз коомчулугунда, Борбордук Азиядагы Америка Университетинин билим берүү мекемеси экендигине карабай, көптөгөн жылдардан бери ар кандай бузуку, кыргыз элинин менталитетине туура келбеген нерселерди пропагандалап келгени байма-бай айтылып келет. «Шамал болбосо – чөптүн башы кыймылдабайт» дегендей, акыркы убактарда интернетке чыккан чуулгандуу окуялар, БААУнун чыныгы жүзүн ашкереледи десек болот.

Эсиңиздерде болсо 2020-жылдагы парламенттик шайлоонун алдында БААУнун эки студентинин бир жыныстуу катнашы интернетке жарыяланган. Кийин Тасмадагы эки студенттин биринин БААУнун Студенттик сенатынын төрагасы болсо, ал эми дагы бири студент экени белгилүү болгон.
https://vesti.kg/politika/item/75869-predvybornyj-skandal-s-nepristojnym-video-sverdlovskoe-ruvd-nachalo-dosudebnoe-proizvodstvo-po-state-narushenie-neprikosnovennosti-chastnoj-zhizni.html
Андан сырткары, акыркы жылдарда 8-март аялдардын эл аралык күнүн курал катары пайдаланып, жыл сайын Бишкекте жөө жүрүш уюштурулуп келет. Ал митингдерде «кааласам төрөйм, каалабасам жок», «чай куюу менин милдетим эмес», ж.б. сыяктуу радикалдык лозунгдар айтылып, кыргыз элинин үй-бүлө институтуна сокку урулуп келүүдө. Бул акциялардын катышуучуларынын жана уюштуруучуларынын көпчүлүгү БААУнун студенттери жана мугалимдери экенин белгилүү.
Эми суроо. Ушундай бузуку, кыргыз жаштарын маңкуртташтырууга далалат кылып келе жаткан БААУдай окуу жайдын Кыргызстанга канчалык деңгээлде кереги бар?
НАРКОТИКАЛЫК ЗАТТАРДЫ ТАШЫГАН, КОШ БОЙЛУУ КЫЗМАТКЕРЛЕРДИ СӨККӨН БААУнун МУРДАГЫ ПРЕЗИДЕНТИ ЭНДРЮ КАЧИНС
Ушул жылдын апрель айында КРнын Ички иштер министрлиги Борбор Азиядагы Америка Университетинин президенти Эндрю Качинсти БАЭден психотроптук (наркотикалык) зат салынган таңгакты текшерүү үчүн суракка чакырган. Ошондой эле Качинстин жашаган үйүндө да тинтүү жүргүзүлгөн.

Тергөөнүн версиясы боюнча, 12-мартта Ички иштер министрлигине Мамлекеттик бажы кызматынан Эндрю Качинстин дарегине бажы көзөмөлүнүн аймагында Дубайдан келген посылка сакталып турат деген материал келип түшкөн. Тиркелүүчү документтерде посылканын документ экендиги көрсөтүлгөн. Бирок, анда алуучунун абоненттик номери көрсөтүлгөн тунук полиэтилен баштыкчаларына салынган сары жана ак түстөгү таблеткалар, көк жана кызыл-ак түстөгү капсулалар болгон.
ИИМ таблеткаларды жана капсулаларды алдын-ала текшерүү учурунда алардын прекурсор жана баңги зат экенин аныктаган.
Тергөө Эндрю Качинске «Баңги зат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо» беренеси боюнча кылмышка шектүү деп эскертүү берген. Ал эч жака кетпөө милдеттемеси менен бошотулган. Тергөө иштери уланууда.
Жогорудагы окуяга чейин социалдык тармактарда Эндрю Качинсин университеттин кош бойлуу кызматкерине университет жөнүндө терс сүрөттөрдөн улам кыйкырып, урушкандыгы боюнча маалымат тараган. Анда чуулгандуу окуядан кийин кызматкердин кансырап, ал ооруканага жаткырылганы, ошондуктан Качинстин үстүнөн милицияга арыз жазылгандыгы айтылган.
https://rus.azattyk.org/a/31220629.html
БААУдагы ЖАҢЖАЛ: ЭМНЕ ҮЧҮН АТА МЕКЕНДИК УКУК КОРГООЧУЛАР УНЧУККАН ЭМЕС?
БААУнун президенти Эндрю Качинске байланыштуу окуя интернетке тарап, коомчулук тарабынан катуу нааразычыктар айтылды. Бирок, университеттин администрациясы дагы, камкорчулар кеңеши дагы эч кандай комментарий беришкен эмес. VB.KG редакциясы, жогорудагы скандал боюнча БААУнун эч нерсе жазбоону бир нече жолу суранганын жазып чыккан. Анда VB.KG: «БААУнун окутуучуларынын жана студенттеринин позициясы аябай таң калыштуу, алардын көпчүлүгү буга чейин аялдарга карата зомбулукка каршы митингдерге активдүү катышкан. Эмнеге алар Эндрю Качинстин кош бойлуу аялга кыйкырганына унчукпай, өз оюн билдирбей жатышат? Ошондой эле жакында гана Бишкекте аялдардын укугун коргоп, Ички иштер министринин кызматтан кетишин талап кылган митинг уюштурган ата мекендик бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн унчукпай отурганы таң калтырат. Ушул эле принциптерди сактоо менен, эгерде БААУнун президентинин кызматтан кетишин талап кыла алышпаса, анда жок дегенде объективдүү иликтөөнү талап кыла алышса керек. Бирок бул ишке ашпастан, тескерисинче, жагымсыз окуяны жашыруу үчүн атайын аракет жасалууда», деп жазган.
https://www.vb.kg/doc/399963_skandal_v_ayca:_pochemy_molchat_otechestvennye_pravozashitnicy.html
Бул скандалдуу окуялардан кийин, 7-июнда Борбордук Азиядагы Америка Университети окуу жайдын президенти Эндрю Качинстин кызматтан кетүү жана АКШга кайтуу чечимин кабыл алгандыгын жарыялаган.

Эндрю Качинс покинул пост президента АУЦА и возвращается в США


БААУнун билдирүүсүнөн кийин Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы: «Борбордук Азиядагы Америка университетинин президенти Эндрю Кучинс Кыргызстандын аймагынан чыга албайт, эгер ал Америка Кошмо Штаттарына кетүүнү көздөсө, анда КР УКМКнын Чек ара кызматы аны чек арада кармайт» деп, эскертүү берген.
https://rus.azattyk.org/a/genprokuratura-kr-zayavila-chto-prezidenta-autsa-ne-vypustyat-iz-strany/31300042.html
КОРУТУНДУ
Жогорудагы фактылардан көргөнүңүздөрдөй эле Борбордук Азиядагы Америка Университети Росиядагыдай эле Кыргызстандын улуттук баалуулуктарына, конституциялык түзүлүшүнө карата коркунучтуу иштерди алып барууда. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары БААУнун ишмердүүлүгүн текшерүүгө алып, анын жетекчилигинин кылымыштарына жараша мыйзамдын чегинде чара көрөт деп ишенебез. Улуттук баалуулуктарга жана өлкө кызыкчылыктарына каршы иш алып барган БААУдай университеттин Кыргызстанга эч кандай кереги жок.

Булак: maalymat24.blogspot.com