Жасалма номер менен жүргөн жол тандабас унаа кармалды

616

Жалал-Абадда жасалма номер менен жүргөн жол тандабас унаа кармалды. Бул тууралуу ЖКККББнын облустук бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сузак райондук ЖККК бөлүмчөсүнүн кенже инспектору Б. Абдыкадыров тарабынан Жалал-Абад-Казарман унаа жолунда, БМВ-Х5 үлгүсүндөгү мамлекеттик белгиси мамлекеттик белгиси B 8800 BC автоунаасын алдыңкы терезелерин караңгылатып алгандыгы үчүн токтотуп текшерүүгө алган учурда, 12.06.2000-ж.т. Жалал-Абад шаарынын тургуну О. А. башкаруусундагы аталган автоунаанын мамлекеттик белгиси жасалма номер экендиги аныкталган. Маалым болгондой, автоунаанын айдоочусу тагып башкарып жүргөн номери эч кандай башка автоунаага тийиштүү эместиги аныкталган.
Аталган факты боюнча азыркы учурда тийиштүү материалдар топтолуп, автоунаа атайын айып короого токтотулуп ал эми айдоочусу тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.