СПОРТ

Жайкы Азия оюндары: Иззат Артыков өлкөбүздүн капчыгына коло байгени алып келди

Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында оор атлетика боюнча мелдеште Кыргызстандык Иззат Артыков коло байгени багындырды.

69 килограмм салмактык бөлүктөгүлөр арасында күч сынашкан балбаныбыз булкуп көтөрүүдө 147 килограмм, түртүп көтөрүүдө 183 килограмм оордукту көтөрүп, жалпы жыйынтыгында 330 килограмм оордукту багындырып, өлкөбүздүн капчыгына коло байгени алып келди.

Бул салмактык бөлүктө чемпиондукту Түндүк Кореянын спортчусу Канг Чои 336 килограмм менен, ал эми 2-орунду 331 килограмм оордукту багындырган Өзбекстандык Достон Якубов ээледи.